Эң аз байкалган зомбулук түрү. Көпчүлүк эмоцианалдык зомбулукту зөөкүрдүн кыял жоругу катары кабыл алат ( “ал элдин баары менен эле ушунтип сүйлөшөт”) же үй-бүлөдөгү көнүмүш мамилелер катары (“ биздин үй-бүлөдө менин каякта жана ким менен боло тургандыгымды күйөөм дайыма эле контролдойт”) . Чындыгында бул өзүнүзгө болгон ишенимге таасирин тийгизүүсү, үйрөнүлгөн алсыздыкка, психикалык травмага жана башка ден- соолук көйгөйлөрүнө алып келүүсү мүмкүн.
Психологиялык зомбулук мисалдары:
- Сизди атайын жазалоо үчүн сизге көңүл бурбайт же жолдошунуз/ өнөктөшүнүздүн сизге карата көнүлү бат-бат жана чукул өзгөрүлүп турат.
- Сиздин тышкы көрүнүшүнүздү, акылынызды жана жүрүм-турумунузду дайыма, ошондой эле башкалырдын көзүнчө да сынга алат
- Сиздин досторунуз жана туугандарыныз менен болгон сүйлөшүүлөрүнүздү чектейт: сиздин телефон чалуу жана жазышууларынызды контролдойт, каякта болуп, каяка баратканынызды карап турат.
- Айтканын кылбай турган учурда, зөөкүр өзунө, сизге/ балдарынызга/туугандарынызга/ үй жаныбарларына зыян келтире тургандыгын айтып коркутат, ошондой эле күчүн көрсөтүү үчүн боюмдарды бузат жана сындырат.
Сиз зордук-зомбулук жөнүндө сөз баштаган учурда, сизди “ эч нерсе болгондугуна жана сиз баарын башкача түшүнүп жатканынызга ишендире баштайт (“ мен андай кылбайт болчумун/ сен ойлоп таап же оюңдан чыгарып жатасын, сен баарын башкача түшүнүп жатасын”)