Для лучшей работы сайта мы используем куки
РОССИЯДАН КҮЙӨӨНҮН КОШТООСУЗ, БАЛА МЕНЕН КАНТИП ЧЫГЫП КЕТСЕ БОЛОТ?
Аял мигранттар Россиядан балдары менен чогуу ар кандай себептерден улам чыгып кете алышат: күнүмдүк жана күнүмдүктөн баштап олуттуу, ал тургай кооптуу себептерге чейин. Мисалы, аял мекениндеги туугандарына коноко бара алат. Ошондой эле, ал өз үй-бүлөсүндөгү зордук-зомбулук себебинден да чыгып кетүсүү мүмкүн. Бул учурда, эгерде анын күйөөсү жана баланын атасы Россияда калган жатса, өлкөдөн чыгып кетүүнү кандайча кылуу керектиги жөнүндө суроолор туулат.
Менин эки жарандыгым бар: Россия жана Тажикстан. Менин күйөөм ушундай кылгандыгы үчүн жана Москвада жумуш жок болгондугундан баламды алып, мекеним Тажикстандагы апама кетким келип жатат. Мен ал жакта жашачумун. Мен мекениме өзүмдүн балам менен, күйөөм жок эле чыгып кете аламбы? Аэропорттон “күйөөң каятка?” жана “эмнеге жалгыз учуп кетип баратасың?” деп сурашпайбы? Мен дайыма күйөөм менен уччумун. Баламды алып учуп баратканымды күйөөм билбесин каалайм, ушундай кылса болобу? Балам 2 жашта жанан анын документтери да Россиялык.
Бул макалада биз ушундай сыяктуу жагдайга туш болгон аялдар арасында  эң кеңири тараган суроолорго жооп бердик.
Экөөнүн ( жубайлардын) тең жарандыгы Россия болгон учурда, аялы баласы менен өлкөдөн чыгуусуна күйөөсүнүн макулдугу керекпи?
Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык, Россия жарандыгы бар каалаган аял Россия жараны болгон баласын алып, атасынын макулдугусуз башка өлкөгө кете алат. Бир гана шарт бар: атасы баланы алып кетүүгө макул эместиги тууралуу арызды алдын ала тапшырбаган учурда. Эгерде ал мындай арыз жазган болсо, анда баланын энеси аны талашууга укуктуу. Талашуу үчүн сотко кайрылуу керек. Соттун чечими чыкканга чейин аял баласы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө укугу жок.
Эне баласын өлкө тышына алып чыгууга  тыюу салуу үчүн  арыз жаза алабы?
Баланын энеси,  баланын атасы же башка мыйзамдуу өкүлү сыяктуу эле, өзүнүн жарандыгына карабастан, баласын Россиянын тышына алып чыгуусуна тыюу салуу жөнүндө арыз жазууга укуктуу. Ошол эле учурда, сиз макулсуздуктун жарактуу мөөнөтүн жана Россия Федерациясынын жашы жете элек жаранына саякатка чыгууга тыюу салынган мамлекетти көрсөтө аласыз. Бирок, бул арыз, ошондой эле экинчи ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү.
Баланын Россия  жарандыгы бар, бирок апасыныкы жок болсо, баланын энеси менен Россиядан чыгып кетүүсүнө атасынын макулдугу керекпи?
Бул учурда да бала менен чыгып кетүүгө экинчи ата-эненин макулдугу талап кылынбайт. Чыгып кетүү үчүн эненин паспорту жана жашы жете элек баланын паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болушу керек.
Бирок, кээ бир өлкөлөргө кирүү үчүн күйөөсүнүн макулдугу талап кылынышы мүмкүн. Мындай эрежелер, мисалы, Тажикстан жана Өзбекстан республикаларында иштейт. Ошондуктан, саякатка чыгаар алдында, бул маалыматты сиз балаңыз менен саякатка чыгууну пландап жаткан өлкөнүн чет өлкөлүк мекемесинден тактоо зарыл.
Ошол эле учурда, эгерде эне менен бала аялдын мекенине кайтып келсе жана аялдын ал жакта жашаган жери боюнча туруктуу каттоосу бар болсо, өлкөгө кирүү үчүн атасынын макулдугу талап кылынбайт. Мындай нормалар  көпчүлүк КМШ мамлекеттеринде, анын ичинде Тажикстан менен Өзбекстанда да бар. Ошентсе да, барган өлкөлөрдүн чет өлкөлүк мекемелеринден кошумча жана алдын ала маалыматты тактап алуу жакшы болот.
Ата-энеси да, бала да чет өлкөнүн жараны болсо, бала менен Россиядан чыгып кетүү үчүн экинчи ата-энесинин макулдугу керекпи?
Чет өлкөнүн жараны болгон баласы бар эне атасынын макулдугусуз жана күйөөсүнүн коштоосуз Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө укуктуу.
Маанилүү эскерүү: башка өлкөнүн аймагына кирүү ошол өлкөнүн мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат. Кээ бир мамлекеттерге кирүү учурунда экинчи ата-эненин макулдугу же милдеттүү түрдө коштоосу талап кылынат. Сапарга чыгуунун алдында бала менен саякатка чыгууну пландап жаткан өлкөнүн чет өлкөлүк мекемелеринден кошумча маалыматты тактоо сунушталынат.
Эгерде энесинин Россия жарандыгы бар болуп,  бирок баласыныкы жок болсо, атасынын коштоосуз жана макулдугусуз бала менен чет өлкөгө чыгууга болобу?
Бул учурда да эне-бала  Россиядын чыгып кете алат. Бирок башка өлкөгө кирүүдө экинчи ата-энесинин макулдугу талап кылынышы мүмкүн. Мындай маалыматты  сапар алдында сөзсүз түрдө бара турган өлкөнүн чет өлкөлүк мекемелеринден тактоо керек.
Күйөөсү жок болгон учурда-ооруканада же каза болуп калган болсо,  ал эми бала менен кирүү үчүн экинчи ата-энесинин макулдугу талап кылынган өлкөгө барыш керек болгон учурда эмне кылуу керек?
Эгерде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө апасынын сөзү боюнча атасы көрсөтүлсө же графада сызыкча болсо, анда нотариуска кайрылуу керек. Ал бул маалыматтарды макулдуктун текстинде тастыктайт. Андан кийин эне-бала Россиядан чыгып, мындай макулдук талап кылынган өлкөгө кире алышат.
Эгерде ата-энеси ажырашып кетсе, же алардын бири бала менен байланышынта болбосо, же жайгашкан жери белгисиз болсо, анда да нотариуска кайрылуу зарыл. Ал бул маалыматтарды макулдуктун текстинде көрсөтүү менен бара турган өлкөгө кирүүгө мүмкүндүк берет.

Эгерде ата-энелердин бириси ооруканада жатса, анда ал жакка нотариус чакырып, тиешелүү макулдук алуу зарыл. Бул талап кылынган өлкөгө бала менен кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Эгерде ата-энелердин бири шектүү, айыпкер же соттолгон статусунда болсо, анда ал жайгашкан СИЗОго же түзөтүү колониясына нотариус чакыруу зарыл. Нотариус макулдукту ошол жерде күбөлөндүрөт, андан кийин эне менен бала мындай макулдук зарыл болгон өлкөгө кире алышат.

Эгерде баланын экинчи ата-энеси каза болуп калган болсо, документ керек болгон өлкөгө кирүү үчүн бул маалыматты нотариалдык жактан күбөлөндүрүү зарыл.

Белгилей кетчү нерсе, ата-энелердин жана балдардын жарандыгына карабастан, бул эрежелер жана жоболор бардык учурларда колдонулат.
Сизге же сиздин жакындарынызга жардам керек болгон учурда бизге кайрылыныз.
Мы благодарим Наргизу Джакшыбаеву за подготовку перевода!
Котормо үчүн рахмат Наргиза Джакшыбаева!