Для лучшей работы сайта мы используем куки
ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК–ЗОМБУЛУК ТҮРЛӨРҮ ЖАНА АЛАРДЫ КАНТИП АНЫКТАСА БОЛОТ
Зордук-зомбулук - бул уруп-сабоо, коркутуу же жыныстык катнашка зордуктоо гана эмес. Ал ар кандай түрдө болот жана анын 4 түрү бар: физикалык, жыныстык, экономикалык жана психологиялык. Бул көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун түрлөрүн кандай аныктаса болот жана алар кандай коркунуч туудура тургандыгын түшүндүрүп беребиз.
  1. Физикалык зомбулук
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун эң көп байкалган түрү. Физикалык зомбулукка:
Уруу ( кандай гана болбосун: алакан менен, муштум менен, буюм менен) жана жаака чабуу
Уруп-сабоо, токмоктоо
Чачтан тартуу
Муунтуу
Тыткылоо
Ууландыруу
Өрттөө жана башка жолдор менен физикалык жактан кыйноо
Түртүү, тепкилөө, адамга буюмдарды ыргытуу
Же адамдын кыймылын чектөө, курал-жабдыктарды колдонуп же колдонбой туруп физикалык жактан эркиндигин чектөө жана башка ушундай сыяктуу.
2. Сексуалдык зомбулук
Дагы бир кеңири таралган үй-бүлөлүк зомбулуктун бир түрү- бул сизди жыныстык катнашка аркандай ыкмалар менен аргасыз кылуу. Мисалы, коркутуу, шантаж, күчкө салуу же жазгыруу жолдору менен. “Сексуалдык зомбулук” термини зордуктоо жана секс – эки башка түшүнүк экендигин көрсөтүү үчүн киргизилген. Сексуалдык зомбулук өнөктөшүнүн калоосуна каршы же макулдугусуз аткарылган баардык сексуалдык иш-аракеттер. Дүйнө жүзү боюнча 15 тен 49 жаш арасындагы жолдошу же өнөктөшү менен мамиледе болгон аялзатынын үчтөн бир бөлүгү (27%) өнөктөшү/жолдошу тарабындан физикалык жана/же сексуалдык зомбулукка кабылгандыгын билдирген.

Сексуалдык зомбулуктун мисалдары:
  • Жыныстык катнаш учурунда өзүнүздү алсыз сезип турган болсонуз же акыл-эсиңиз өзгөрүлгөн учурда (уктап жаткан учурда, алкоголь же наркотик таасири алдында ж.б.у.с.)
  • Өзүнүздү начар сезип турганда же жыныстык катнашты каалабаган учурда жолдошунуз менен болгон жыныстык катнаштан баш тартуудан коркосуз, себеби баш тарткан учурда ал жиндениши, жазалашы же көңүл бурбай коюшу мүмкүн.
  • Башка сексуалдык иш-аракеттерге сиздин калоонузга каршы сизди тартуу же катыштыруу (порнография көрүү, ролдук оюндар, БДСМ ж.б.у.с.)

Ошондой эле аралашкан зордук-зомбулук түрлөрү бар. Алар дагы жыныстык катнашка, жашыруун суроолорго жана тукум улоого байланыштуу:
  • Кыз бойдон тургандыгын (кыздыкты) текшерүү
  • Аялдын жыныстык мүчөлөрүнө карата жасалган жаракат бере турган операциялар
  • Кош бойлуулукка же бойдон түшүрүүгө аргасыз кылуу
3. Экономикалык зомбулук
Үй-бүлөлүк мамилелерде экономикалык же финансалык зомбулук- жолдошунуз сизди финансалык жактан толугу менен контролдоосу. Экономикалык зомбулуктун формалары:
  • Жолдошунуз же өнөктөшүнүз жалпы бюджеттеги акчаны контролдойт же/жана сиздин кирешенизди (мисалы, сиздин акчанызды, айлык акынызды алып коет), финансыга байланыштуу чечимдерди кабыл алууда сиздин оюнузду укпайт.
  • Сиздин жолдошунуз же өнөктөшүнүз кирешесинин көлөмүн сизден жашырат.
  • Сизге жумушка чыгып иштөөгө тыюу салат, ар кандай себептердин негизинде
  • Сиздин жеке акчаныз жок – баардык акча жолдошунузда, анткены сиз “ акчаны колдонгонду билбейсиз” жана сиз кадимки турмуш керекчилиги үчүн дайыма акча сураганга аргасыз жагдайдасыныз.
  • Өнөктөшүнүз сиздин атынызга кредит алууну сунуштайт жана көндүрүүгө аракет кылат, бирок баардык баалуу мүлк ( кыймылсыз мүлк, автоунаа ж.б.у.с) жолдошунуздун атына жазылган
4. Психологиялык (эмоциалык) зомбулук
Эң аз байкалган зомбулук түрү. Көпчүлүк эмоцианалдык зомбулукту зөөкүрдүн кыял жоругу катары кабыл алат ( “ал элдин баары менен эле ушунтип сүйлөшөт”) же үй-бүлөдөгү көнүмүш мамилелер катары (“ биздин үй-бүлөдө менин каякта жана ким менен боло тургандыгымды күйөөм дайыма эле контролдойт”) . Чындыгында бул өзүнүзгө болгон ишенимге таасирин тийгизүүсү, үйрөнүлгөн алсыздыкка, психикалык травмага жана башка ден- соолук көйгөйлөрүнө алып келүүсү мүмкүн.
Психологиялык зомбулук мисалдары:
  • Сизди атайын жазалоо үчүн сизге көңүл бурбайт же жолдошунуз/ өнөктөшүнүздүн сизге карата көнүлү бат-бат жана чукул өзгөрүлүп турат.
  • Сиздин тышкы көрүнүшүнүздү, акылынызды жана жүрүм-турумунузду дайыма, ошондой эле башкалырдын көзүнчө да сынга алат
  • Сиздин досторунуз жана туугандарыныз менен болгон сүйлөшүүлөрүнүздү чектейт: сиздин телефон чалуу жана жазышууларынызды контролдойт, каякта болуп, каяка баратканынызды карап турат.
  • Айтканын кылбай турган учурда, зөөкүр өзунө, сизге/ балдарынызга/туугандарынызга/ үй жаныбарларына зыян келтире тургандыгын айтып коркутат, ошондой эле күчүн көрсөтүү үчүн боюмдарды бузат жана сындырат.
  • Сиз зордук-зомбулук жөнүндө сөз баштаган учурда, сизди “ эч нерсе болгондугуна жана сиз баарын башкача түшүнүп жатканынызга ишендире баштайт (“ мен андай кылбайт болчумун/ сен ойлоп таап же оюңдан чыгарып жатасын, сен баарын башкача түшүнүп жатасын”)
SILSILA фондунун кызматкерлери сизге зордук-зомбулуктун аркандай түрлөрүн аныктоого жана токтотууга жардам берет. Сизге же сиздин жакындарынызга жардам керек болгон учурда бизге кайрылыныз.
Мы благодарим Наргизу Джакшыбаеву за подготовку перевода!
Котормо үчүн рахмат Наргиза Джакшыбаева!