Для лучшей работы сайта мы используем куки
Ислам жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук: 5 негизги суроо
“Ислам дини аялга карата зомбулукту колдойт” деген көз карашаты көп эле жолу жолуктурса болот,  жана да  чыгыш маданияттарында зомбулукту” Бул зомбулук эмес, бул диндеги кадимки көрүнүш” деп актоо бар. Чындыгында ушундайбы жана мусулман үй-бүлөдөгү  зомбулуктун негизинде диндин ролу барбы? Диндин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка карата мамилеси тууралуу эң көп жайылган суроолорду жана жаңылыштыктарды чогултуп, аларга жооп бердик.
“Жубайларын урса болот деп айтылган аят бар”
Алгач кайсы аят тууралуу сөз болгондугун аныктайлы (Курандагы жазуулар): Бул 34 сүрөөнүн аяты “Ан-Ниса” (“Аялзат”). Келгиле мазмунун жакшылап изилдейли,
“Күйөөлөр үй-бүлөнүн башчысы, алар–үй-бүлөдөгү тынчылык жаратуучу, башкаруучу. Алла-Таала аларды үй-бүлөнү багуу үчүн, көп чыгашаны өз мойнуна ала тургандыгы үчүн, физикалык жактан күчтүрөөк, чыдамдураак кылып жараткандыктан, эркектер үй-бүлө башчысы”.
«Башчы» сөзүнө түшүндүрмө: Ыйык жазууда “каввам” сөзү колдонулган, ал араб тилинден которгондо “коргоочу, сактоочу, кам көрүүчү”, “оңдоочу, жакшыртуучу” деген мааниге ээ. Башкача айтканда күйөө Курандагы сыпаттоого төп келүү үчүн жогорудагы сапаттарга ээ болушу керек.
“Ыймандуу жубайлар - бул Аллага(Кудай, Жараткан) жана жолдошуна баш ийген, башкаларга көрүнбөгөндү коргогон, башкача айтканда, Куранда күйөөгө белгилүү милдеттемелерди таңылоо менен бирге аялзатына “үй-бүлөлүк ички сырларды коргоо” милдети берилип, эркек кишинин коргоосуна болуусу айтылат.”
Подробнее пояснения к аяту см., например: аль-Куртуби М. Аль-Джами‘ ли ахкям аль-кур’ан. Т. 5. С. 112, 113; Ибн Кясир И. Тафсир аль-кур’ан аль-‘азым. Т. 1. С. 445, 446; ас-Сабуни М. Сафва ат-тафасир. Т. 1. С. 252–254.
См.: Ибн Манзур. Лисан аль-‘араб [Язык арабов]. В 18 т. Бейрут: Ихьйа ат-турас аль-‘араби, 1993. Т. 11. С. 355.
“Үй-бүлөлүк ички сырлар” түшүнүгүнө түшүндүрмө: Пайгамбар Муаммед айткан:
“Чындыгында, үй-бүлөдө бири-бирине айтылган ички сырларды, өзгөчө жубайлардын турмушу тууралуу сырларды ачыкка чыгарган аялы же күйөөсү Сурак Күнүндө эң жаман абалда болот”.
Хадис от Абу Са‘ида; св. х. Муслима. См.: ан-Найсабури М. Сахих муслим [Свод хадисов имама Муслима]. Рияд: аль-Афкяр ад-давлийя, 1998. С. 570, хадисы № 123–(1437) и 124–(1437); ас-Суюты Дж. Аль-джами‘ ас-сагыр. С. 150, хадис № 2491, “сахих”.
Бул мусулман үй-бүлөдө ички үй-бүлөлүк темалар же суроолор болушу мүмкүндүгүн көрсөтөт. Мисалы: ден-соолук, жыныстык мамилелер, жумушка байланыштуу ж.б.у.с. жубайлар өз ара бөлүшкөн, бирок экөөнүн ортосунда калуусу керек болгон. Эгер жубайы же жолдошу үй-бүлөлүк сырды  башка адамдар менен бөлүшсө, бул чоң күнөө катары саналат жана Сурак Күнү Аллахтын алдында жоопко тартылат. Бирок, маанилүү эскертүү: үй-бүлөлүк зордук зомбулук мындай сыр катары саналбайт! Зордук-зомбулук тууралуу айтса болот жана кабар берүү керек, өзгөчө саламаттыкты сактоо кызматкерлери, полиция сыяктуу жардам берүү кызматкерлерине.
“Эгер сиз,күйөө жана үй-бүлө башчысы катары, жубайыныздын баш ийбей кое тургандыгындан корксонуз (баш ийбей жатса), мисалы: жубайыныз үйдү таза кармабай, балдарды карабай, өзүнүн убактысын жана үй-бүлө бюджетин (акчасын) ысырап коротсо, күйөөсүнүн эскертүүсүнө орой жооп берип, какшыктаса, анада сиз төмөндөгүдөй чара көрүшүңүз керек:
(1)   Жубайыныз менен болуп жаткан көрүнүштөр жөнүндө сүйлөшүңүз. Аялыныздын үй-тиричилигине карата жоопкерчилик сезимдерин, Аллага болгон ишенимин жана ыймандуулугун ойготууга аракет кылыныз.
(2)  Эгер мындай аракет жардам беребесе, айры уктаңыз, башкача айтканда мүмкүн болушунча аралыкты сактаңыз.
(3) Эгер бул да жардам бербесе, урунуз (чабуу) аларды, уятты күч менен ойготунуз. Күч колдонуу тил албаган балдарга карата колдонгондой болушу керек
айры уктаңыз” түшүнүгүнө аныктама: кээ бир окумуштуулар, алардын арасында Пайгамбар Ибн’Аббас тарабынан “бир төшөктө жубайына аркасын салып уктоо жана аны менен жыныстак мамиледе болбоо” деп аныктаган. Башка окумуштуулар болсо, “аялы менен сүйлөшпөө” катары чечмелешкен. 

Чабуу” сөзүнө түшүндүрмө - «вадрибуухунна» - чабуу (акырын уруу). Албетте, аятта Курандын ыймандуулугун жана жумшактыгын ташыган киши катары күйөөлөр көрсөтүлгөн. Бирок чыныгы турмушта түрдүү күйөөлөр бар, мисалы: зөөкүр жана өзүн кармай албаган, ичкиликке, тамекиге жакын болгон, ойноштук кылган жана үй-бүлө милдеттемелерине жоопкерчиликсиз мамиле кылган күйөөлөр бар. Мындай эркектер, бирөөгө жаза бермек тургай, өздөрү коом тарабынан жана/же кылмыш жана административдик жоопкерчилике тартылуусу керек. 
См., например: Ибн Кясир И. Тафсир аль-кур’ан аль-‘азым [Комментарии к Великому Корану]. В 4 т. Бейрут: аль-Хайр, 1993. Т. 1. С. 466.
См.: Баранов Х. Арабско-русский словарь. В 2 т. Ташкент: Камалак, 1994. Т. 1. С. 446; аль-Му‘джам аль-‘араби аль-асаси [Фундаментальный толковый словарь арабского языка]. Министерство воспитания, культуры и наук: Ларус, [б. г.]. С. 767; Большой толковый словарь русского языка. СПб.: Норинт, 2000. С. 1283; Александрова З. Словарь синонимов русского языка. М.: Русский язык, 1995. С. 431, 454.
“Эгер жубайларыныз тил алса, сиз, күйөөлөр, аларага адилетсиз мамиле кылууга эч кандай укугуңуз жок. Чындыгында, Аллах баардыгынан улук, зор жана анын алдында баары алсыз калат. Анын күчү чексиз, Ал жубайларды күйөөлөрүнүн кысынтуусунан сактайт, эртели-кеч кысынткандарды өзүнүн улуулугу жана акылмандулугу менен, кылган күнөөсүнө жараша жазалайт”
Белгилүү факт, Мухаммед  пайгамбар эч качан бир да жубайына кол көтөргөн эмес.
«Воистину, [для любого верующего] именно в посланнике Божьем — наилучший пример» (см.: Св. Коран, 33:21).
Слова 'Аиши, приведенные в своде хадисов имама ан-Насаи. См., например: ан-Найсабури М. Сахих муслим [Свод хадисов имама Муслима]. Рияд: аль-Афкяр ад-давлия, 1998. С. 951, хадис № 79–(2328); Абу Дауд С. Сунан аби дауд [Свод хадисов Абу Дауда]. Рияд: аль-Афкяр ад-давлия, 1999. С. 522, хадис № 4786, «сахих»; Ибн Маджа М. Сунан [Свод хадисов]. Рияд: аль-Афкяр ад-давлия, 1999. С. 215, хадис № 1984, «сахих»
Куранда сөзгө келбеген жубайына карта колдонуучу акыркы колдонмо катары “чабыныз” деп көрсөтүлгөн. Мусулман окумуштуулары колдонмодогу маалыматтарды салыштыруу менен, мындай жол менен жубайына таасир этүү формасынын мүмкүндүгүн белгилешет, бирок буну иш жүзүндө аткарылуусу ылайыксыз (макрух тахриман) экендигин билдиришет. Белгилей кетчү нерсе мусулманга - бетке урууга (аялга карата эле эмес, эч бир адамга карата колдонууга) тыюу салынган.

Маанилүү жана тийиштүү эскертүү, алгач Пайгамбар тараптан урууга толугу менен тыйую салынган. Бирок, киийинчирээк уруунун жубайына оң таасир берүүчү акыркы ыкма катары жол берген аят жөнөтүлгөн. Оң таасир берүүчү! Окумуштуулар үй-бүлөлүк ички жек көрүү жана кастыкты жаратуучу болгон уруу/ чабуунун маселени чечүүчү курал эместигин бир жактуу билдиришет. Мунун ачык тастыктоосу катары:
См., например: аль-‘Айни Б. ‘Умда аль-кари шарх сахих аль-бухари. В 25 т. Т. 20. С. 272; аль-‘Аскаляни А. Фатх аль-бари би шарх сахих аль-бухари. В 18 т., 2000. Т. 11. С. 378.
Св. х. Ахмада, Абу Дауда, ан-Насаи, Ибн Маджа, Ибн Хаббана и аль-Хакима. См., например: аль-‘Аскаляни А. Фатх аль-бари би шарх сахих аль-бухари. В 18 т., 2000. Т. 11. С. 378; Абу Дауд С. Сунан аби дауд. С. 244, хадис № 2146, «сахих»; ас-Суюты Дж. Аль-джами‘ ас-сагыр. С. 581, хадис № 9819, «сахих».
Такая последовательность предположительно наиболее верна. См.: аль-‘Аскаляни А. Фатх аль-бари би шарх сахих аль-бухари. В 18 т., 2000. Т. 11. С. 379.
См., например: аль-‘Аскаляни А. Фатх аль-бари би шарх сахих аль-бухари. В 18 т., 2000. Т. 11. С. 379.
1
Согуш аянтында аргасыздан болгон уруулардан башка эч кимге кол көтөрбөгөн Пайгамбар Мухаммедтин жүрүм-туруму 
Алланын өкүлү Мухаммед Пайгамбардын ачык жана айкын түшүндүрмөсү:
См., например: аль-‘Аскаляни А. Фатх аль-бари би шарх сахих аль-бухари. В 18 т., 2000. Т. 11. С. 379.
2
“Эгер чабууга жол берилген болсо, катуу болбогон чабууга гана жол берилет”
3
“Эң мыктылар (мусулмандар) өздөрүнүн жубайларына кол көтөрбөйт
См., например: Абу Дауд С. Сунан аби дауд. С. 244, хадис 2146, «сахих»”; Ибн Маджа М. Сунан. С. 215, хадис № 1985, «хасан сахих».
Ошондой эле, айтып кетчү нерсе, “эркектер (күйөөлөр) аялдарга (жубайларына) карата уруу / чабуулары үчүн жоопкерчиликтүү эмес “делген кээ бирөөлөр тарабындан колдонулуп келген пикир (цитата) канондук дин изилдөөчүлөрү тарабынан тастыкталган эмес (да‘иф).

Ошондуктан, “ислам аялдарга карата зордук-зомбулукту колдобойт” деп бир ооздон айтса болот.
См., например: Абу Дауд С. Сунан аби дауд. С. 244, хадис 2147, «да‘иф»; Ибн Маджа М. Сунан. С. 215, хадис № 1986, «да‘иф».
Бирок эмнеге анда, ислам үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту колдойт деген пикир бар?
Анын эки себеби бар:
1
Диний зордук - адамдарды контролдоо жана басынтуу үчүн диний догмаларды (далилсиз жоболорду) кыянаттык менен колдонуучу курал (Бизде диний зордуктоону аныктоо, ага каршы туруу жөнүндө өзүнчө макала бар).
2
Түшүнүктөрдү алмаштыруу. Кээ бир мусулман элдердин адат-салтында, чынында эле үй-бүлөлүк зордук зомбулукту актоосу мүмкүн, бирок бунун динге эч тиейшеси жок. Бул учурда эркектер жубайларынын диний билиминин жоктугунан колдонушуп, диний догмаларды турукташып калган адат жана салтарга алмаштырышат. Ошондуктан
Курандагы сүрөөлөрдө, хадистерде жана башка маанилүү диний буйурмаларда чынында эмне деп айтылганын билүү өтө маанилүү.
Исламга жараша күйөөнүн жубайына кылган мамилеси кандай болушу керек? 
Ислам аялдарга жакшы мамиле кылууну буюрган. Аллахтын өкүлү эркектерге мындай деп кайрылат:
“Аялдарга кичи-пейил болуу- ички дүйнөнүн кең пейилдиги. Аялдары сыйлабаган жана аларды кемсинткендердин акыры жаман болот.”
Хадис от Абу Хурайры и др.; св. х. ат-Тирмизи, Ибн Хаббана и др. См., например: ат-Тирмизи М. Сунан ат-тирмизи. 2002. С. 361, хадис № 1164, “хасан сахих”; ас-Суюты Дж. Аль-джами‘ ас-сагыр. С. 89, хадис № 1441, «сахих»; там же С. 249, 250, хадисы № 4100–4102, все «сахих».
Күйөө жубайына теңи катары мамиле кылып, шариатта уруксат берилгенге тыюу салбоосу керек. Бул темада бир канча хадистер бар:
“Ишенгендер, ишениминде  көп нерсеге жетишкендер-бул бийик асыл адеп ахлакка ээ адамдар. Жана сиздин мыктыларыныз- бул  жубайына, жолдошуна, өзүнүн үй-бүлөсүнө  эң жакшы мамиле кылгандар”.
Күйөөсү жубайы таарынган учурда анын көңүлүнө карап мамиле калат, эгер жубайы аны таарынтса таарынычын чыдамдуулук менен көтөрөт. Анкети, аял ачуунун таасир алдында жолдошундан алысташы мүмкүн. Мындай учурларда жолдошу жубайына чыдамкайлык жана айкөлдүк менен мамиле кылуу менен, аялдын жаратылышын жана мүнөзүн чынында терең билгендигин көрсөтөт. Ошондой эле ал жубайынын жүрөгүн бакытка толтуруу үчүн аны сүйүндурүп туруусу, ага мээримдүү болуусу керек. Мунун баары күйөөсүнүн баркы жубайынын алдында төмөдөбөөсү үчүн, көрсөтүлгөн чекке ээ.

Башка хадисте мындай деп айтылган:
«аялдарга жакшы мамиле кылуу милдеттемесин осуят катары кабыл алгыла. Анткени, чындыкты көркөмдөп айтканда, аял киши кабыргадан жаратылган. А кабырганын эң кыйшак жери жогору жагында! Эгер түзддөйм десең, сындырып аласын. Тийбесең, болгондой калат. Аялдарга жакшы мамиле кылгыла
Именно образно говоря, а не фактически. См., например: Нузха аль-муттакын. Шарх рияд ас-салихин [Прогулка праведников. Комментарий к книге «Сады благонравных»]. В 2 т. Бейрут: ар-Рисаля, 2000. Т. 1. С. 232, пояснение к хадису № 1/275.
В комментариях к хадису приводится мнение, что здесь подразумевается ее язык (сплетни, клевета, ложь и т. п.). См.: аль-‘Аскаляни А. Фатх аль-бари би шарх сахих аль-бухари. В 18 т., 2000. Т. 8. С. 454, пояснение к хадису № 3331.
См.: аль-Бухари М. Сахих аль-бухари [Свод хадисов имама аль-Бухари]. В 5 т. Бейрут: аль-Мактаба аль-‘асрийя, 1997. Т. 3. С. 1667, хадис № 5186.
Также см.: аль-Бухари М. Сахих аль-бухари. В 5 т. Т. 2. С. 1024, хадис № 3331.
Исламда башка бирөөнүн  үй-бүлөлөөсүндөгү  зордук – зомбулукка болгон мамиле тууралуу эмне деп жазылган?
184 Жыйнактын хадиси Рийад ас-Салихин мындай дейт:
“Айып нерсени көргөндөр, аны (айыпты) өз колунар менен өзгөрткүлө, эгер андай кыла албасанар, тилиңер менен өзгөркүлө, эгер тилиңер менен да кыла албасанар, жүрөгүңөр менен өзгөркүлө жана бул сиздин ишениминиздин аз да болсо көрүнүшү болот”.
Аялга карата зордук-зомбулук ислам тарабындан айыптала тургандыгын  жогорудагы бөлүмдөрдөн көрдүк. Ошондуктан ар бир мусулмандын диний парзы - башка биринин үй-бүлөсүндөгү зордук-зомбулука  да каршы болуу.
Мусулман үй-бүлөдөгү зордук-зомбулука күбө болуп калсаңыз эмне кылуу керек? 
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам берүү механизми баардык учурда бирдей болот, ошондой эле мусулман аялдарына да тиейшелүү. Бул жөнүндө кеңири инструкцияны биздин сайттан таба аласыз.

Белгилей кетүүчү нерсе: кээ бир мусулман элдеринин үрп-адаттары боюнча жеке жашоо жана жубайлар арасындагы мамиле талкууга алынбайт. Ошондуктан эгер сиз зомбулуктан жабыркаган чыгыш маданияттагы аял менен жакын ич-ара мамиледе болбосоңуз, сизге болгон ишенимдин пайда болуусу үчүн көп убакыт сарпталышы мүмкүн.

Эгер сиз ушундай учурда  кокустан зомбулука күбө болсонуз (дубалдын ары жагандагы коңшунуздукунан зомбулуктун үнүн уксаныз, көчөдө же коомдук жайларда зордук-зомбулукка күбө болсонуз) эмне кылуу керектигин өзүнчө карап кетсек. Мындай учурда үч негизги факттыны эске тутуу маанилүү.
1
Күбө жана зомбулуктун катышуучусу оор тобокелдике барат: психологиялык ыңгайсыздыктан баштап ( коркуу, чочулоо, өзүнө болгон ишенимдин жоктугу, керек болсо тригердик абал) физикалык зарар алууга чейин.
2
Этибарга албоо, унчукпоо, кош көңүл болуу-  зордук-зомбулукту күчөтүүчү жана дагы коопту кылуучу эң коркунучтуу жол.
3
Жабыр тарткандын укуктарын коргоо жана күнөлүүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн  зордук жана зомбулук фактыларына көңүл буруу - ар бир адамдын жарандык парзы.
Ошондуктан, зомбулуктун күбөсү кийлигишүүгө негизи бар жана толук укуктуу.
Зомбулук учурунда аткарылуучу иш-аракеттердин жалпы алгоритми үч кадамдан турат:
1-кадам: Өзүнүздүн ошол жерде болгондугунузду белгилөө.
Эмне болуп жаткынын угуп жана көрүп жаткандыгынызды билдирүү. Зөөкүрдү үн берип чакыруу же токтотууну ачык эле талап кылса болот. Коңшуларыныздын эшигине чалып, полиция чакыра тургандыгынызды катуу айтсаныз болот. Зомбулуктун тыгыз, жабык болуусун алып салуу - принципиалдуу жактан маанилүү. Бул зомбулукту токтотууда эң биринчи жана эң керектүү кадам.
2-кадам: Дароо! (анан эмес) учурунда мүмкүн болгон жардамды издөө.
Дароо коомдук жайдагы сакчыга карылуу, жардам чакыруу үчүн полицияга чалуу ж.б.у.с.
3-кадам: Дайыма жана сөзсүз өзүнүздүн коопсуздугуңуз эсинизде болсун-зомбулуктан жабыр тарткан дагы бирөө болуп калбоо үчүн. 
Анкетни сиздин ишиңиз-зомбулуктун зыянын көбөйтүү эмес, аны тототуу. Зөөкүрдөн коопсуздук аралыкта болуңуз жана керек болуп калса, каяка жашына тургандыгынызды ойлонуштуруңуз ж.б.у.с.
Сураныч, эсинизде болсун: үй-бүлөлүк зомбулукка эч кандай актоо жок, диний жактан дагы. Мүмкүн бул жөнөкөй ой зомбулукту башынан кечирген аялдардын бирине “мени менен болуп жатканга мен ылайык эмесмин” деген ойго келүүгө жана жашоосунда бир нерселерди өзгөртүүгө күч берет.
Зиля Аляутдиновага  материалды даярдоо учурундагы консультация үчүн ыраазычылыбызды билдиребиз (маалыматтык портал «UMMA. Достоверно об исламе»)
Мы благодарим Наргизу Джакшыбаеву за подготовку перевода!
Котормо үчүн рахмат Наргиза Джакшыбаева!