Для лучшей работы сайта мы используем куки
«Мага психологдун эмне кереги бар»? Зордук-зомбулук жагдайында психологиялык жардам кандайча иштейт
Зордук-зомбулукка кабылган адамдар ар-кандай жардамга муктаж болушу мүмкүн: шашылыш, медициналык, социалдык, гуманитардык, юридикалык жана, албетте, психологиялык. Бирок, сөз психологиялык жардамга келгенде, биздин кардарларыбызда көбүнчө шектенүүлөр жана суроолор пайда болот. Алардын ичинде негизги суроо
"Мага психологдун эмне кереги бар? Психолог мага кантип жардам бере алат?"
Бул нормалдуу суроо, өзгөчө, сиздин мурда психологиялык жардамга кайрылуу тажрыйбаңыз жок болсо. Анткени, эмнени кутсө болот, иш кандайча курулат, жалпысынан ал эмнеге керек экендиги белгисиз. Белгисиздикке байланыштуу  шектенүү сезиминин болуусу- нормалдуу көрүнүш. Бирок зордук-зомбулук көйгөйү боюнча психолог менен иштешүүнү тандап, чечим кабыл алгандар бул чындап эле пайдалуу болгонун айтышат. Башында шектенүүлөр болгон күндө да.

Бул макалада биз эң кеңири таралган суроолорго жооп беребиз.
Психологиялык жардам деген эмне жана психологиялык консультация кантип иштейт? 
Психологиялык жардам – бул психологдун кардарга карата көрсөтүлгөн ишенимдүү мамилелердин өзгөчө форматы. Бул жашоодо болуп жаткан окуялардын себептерин изилдөөгө жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табууга жардам берет.

Психологиялык консультация же сессия – бул психолог менен жекече жолугушуу. Ал кеңседе же онлайн режиминде аудио жана видео байланышты колдогон мессенжерде өтүшү мүмкүн. Консультация адатта 50 мүнөткө созулат. Бул убакыт сизге арналат. Сеанс учурунда психолог менен сүйлөшкөндүн баарысы экөөнүздүн ортоңузда гана калат: психологиялык жардам ар дайым жана сөзсүз түрдө жашыруун болот.

Консультация- бул дайыма диалог. Алгач сиз өзүңүздүн көйгөйүңүздү сиз көргөндөй айтып бересиз. Психолог угат, тактоочу суроолорду берет, андан кийин кырдаалга карата өзүнүн көз карашын сунуштайт. Дал ушул диалогдун негизинде көйгөй менен кантип күрөшүүгө болорун же ушуга окшош кырдаалдарда кандай иш-аракет кылууга болорун сиз өз алдынча чече аласыз.

Психолог сиздин оюңузду жана иш-аракеттериңизди сындабайт жана баа бербейт. Психолог консультация учурунда сиз айткыныз келгенди айтып алууга, керек болсо ыйлап алууга мүмкүн боло тургандай коопсуз мейкиндикти түзөт. Бул сизди кабыл алып жана сизге колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын сезүүнуз үчүн аткарылат.
Психологтун жардамы ооругандарга керекпи?
Психолог дарыгер же доктур  эмес, ошондуктан ооруну жана патологияны издебейт. Психологиялык жардамга кадимки, күнүмдүк жашоосунда кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдар кайрыла алышат. Күнүмдүк жашоосунда кыйынчылыктарына жумушта, үй-бүлөдө, башкалар менен болгон мамиле жана ал тургай өзү менен болгон мамиле да кирет.

Психологго эмоционалдык жактан кыйын болгондо, тынчсыздануу, чыңалуу болгон учурда келишет. Ал эми эң негизгиси - бир нерсени өзгөртүү керек болгон учурда кайрылышат. Башкача айтканда, психологго кайрылуу - сизде бир нерсе туура эмес экендигин билдирбейт. Тескерисинче, жашооңуз үчүн жоопкерчиликти алууга жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөөгө даяр экениңизди билдирет.
Менде зордук-зомбулук маселеси бар, ага психологдун кандай тиешеси бар?
Зордук-зомбулук - физикалык зыян гана эмес, кээде анчалык деле физикалык зыян эмес. Зордук-зомбулук дайыма сиздин эмоционалдык абалыңызга зыян келтирет. Жалгыз дене гана оорубайт. Биринчи кезекте жан дүйнө ооруйт. Дал ушул себептен улам зордук-зомбулук көйгөйүнө байланыштуу бардык кырдаалдарда психолог менен иштөө сунушталат.
Психолог эмне кылышым керектигин айтып, кеңеш береби?
Психолог сиз үчүн чечим кабыл ала албайт же кандайдыр бир кырдаалда кандай иш-аракет кылуу керектиги боюнча кеңеш бере албайт. Психолог сизден тигил же бул жолду тандоонузду талап кыла албайт.

Адистин иши — өз алдынча кыйынчылыктар менен күрөшүүнүз үчүн керек болгон жаңы жөндөмдөргө жана билимдерге ээ болуунузга жардам берүү. Психолог сизди тынчсыздандырган көйгөйдү чечүү үчүн өзүңүздүн ички таянагынызды табууга жардам берет жана колдойт.
Эгер процесстин жүрүшүндө мен улантууну каалабай турганымды түшүнсөмчү?
Бул, чынында эле, болушу мүмкүн, бул да эң нормалдуу көрүнүш. Психолог менен иштөөнү каалаган убакта, кандайдыр бир себептерден улам, ал тургай  себебин түшүндүрбөстөн токтотсоңуз болот. Психолог менен ишеничтүү мамиле түзүп алган болсоңуз, иштөөнү токтотууну каалагандыгыныз тууралуу айтсаныз болот. Бул аны таарынтпайт, адис сизди эч качан сындабайт.

Бирок, балким, бул сизге азыр эмне болуп жатканын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет жана  жеңилдеп каласыз. Баш тартуу нормалдуу жана алгылыктуу. Кошумчалай кетсек, эгер кийинчирээк даяр экендигинизди сезсениз, психолог менен иштөөгө  кайтып келе аласыз.
Психолог менен иштөө  жардам берүүсү үчүн эмне кылыш керек?
Психолог консультация учурунда сиз үчүн ар дайым ишеним жана коопсуздук атмосферасын түзүүгө аракет кылат. Бирок дароо ишенүү кыйын болушу мүмкүн - бул нормалдуу көрүнүш. Диалогдун ишенимдүү болушу үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн. Ишенимдин пайда болуусун таттаалдаштыруучу жалгыз нерсе- сиздин жеке даярдыгыныздын жок болуусу. Андыктан ачык жана чынчыл сүйлөшүүгө аракет кылыңыз.

Эгерде психолог тактоочу суроолорду берсе, бул ар дайым кылдаттык жана урмат-сый менен, сизге жардам берүү максатында жасалат. Бирок кээ бир суроолор дагы эле өтө жеке же оор болушу мүмкүн, ошондуктан сиз ар дайым аларга жооп берүүдөн баш тартууга укугуңуз бар, кааласаныз себептерин көрсөтпөстөн баш тарта аласыз. Бул да нормалдуу көрүнүш. Бир гана нерсени эстен чыгарбоо керек: “ооба/жок/билбейм” сыяктуу бир сөздөн турган жооптор же жалган маалымат ишти абдан кыйындатат.

Ошондой эле психологдун сунуштарына кунт коюп угууга аракет кылыныз: көбүнчө алар чындап эле психолог менен иштешүүдө, ошондой эле сессиялардын ортосунда да жардам берет.
Психолог менен иштешүүнүн натыйжасы эмне болушу мүмкүн?
Психолог менен иштөөнүн негизги натыйжасы бул сиздин жеке өзгөрүүлөрүңүз. Мисалы, сиз башка адамдар менен башкача мамиле кура башташыңыз  же өзүңүздү башкача кабыл алышыныз мүмкүн. Психолог кайсы гана  иш ыкмасын колдонбосун, төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр болушу мүмкүн:

  • сиздин эмоционалдык жагдайыңыз. мисалы, сиз өзүңүздүн сезимдериңизди жакшыраак түшүнө аласыз, аларды кабыл алып, жашай,
  • маалыматка ээ болуунуз, мисалы, мээ менен психиканын кантип иштээрин, кантип мамиле түзө аларыңызды же өзүңүздү кантип  коргой ала тургандыгынызды жакшыраак түшүнөсүз.
  • сиздин ички ресурстарыңыз, мисалы, сиз өзүңүздүн ички таянагынызды сезесиз, көйгөйдү чече турганыңызга ишеним пайда болот.
  • сиздин оң тажрыйбаңыз, мисалы, сизге  ишеним, кабыл алуу, колдоо, коопсуздук же эмоционалдык эс алуу мүмкүнчулүгүн психолог бере алат.

Албетте, психолог менен иштөөнүн натыйжасы ар дайым айрыкча өзгөчөлүктөргө ээ болот. Бул конкреттүү тапшырмага, сиздин жеке жагдайларыңызга жана колдо болгон ресурстарга жараша болот. Психолог менен иштегенден кийин деле жардамга муктаж болсоңуз , биз сиз менен болобуз жана сизди колдоону улантабыз. 
Жөнөкөй сөз менен айтканда, психолог менен жолугушууну чечүү менен сиз эч нерсе жоготпойсуз. Бирок мүмкүн маанилүү нерсе таба аласыз
Суроолоруңуз калса биз менен байланышыңыз.
Мы благодарим Наргизу Джакшыбаеву за подготовку перевода!
Котормо үчүн рахмат Наргиза Джакшыбаева!